Путин менен Рахмон кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалды талкуулайт

10:09, 06 мая 2021, Бишкек - 24.kg

Орус президенти Владимир Путин менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 8-майда Москвадагы жолугушуусунда кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалды талкуулашат. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

Маалыматка ылайык, Тажикстандын президенти Кызыл аянттагы Жеңиш парадына да катышат.

Ага президент Садыр Жапаров чакырылган эмес.

29- апрелде Тажикстан Кыргызстандын аймагына кол салды. Анда 36 кыргыз жараны каза таап, 189 киши жараат алды. Жүздөй адам дале ооруканада жатат.