Баткенге 572 тонна гуманитардык жардам келди

14:20, 04 мая 2021, Бишкек - 24.kg

Баткен облусуна 4-майга карата жалпы 572 тонна гуманитардык жардам келип түштү. Бул тууралуу өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Анын 515,081тоннасы жабыркаган үй-бүлөлөргө жеткирилди. Дагы 57 тоннасы кампада сакталууда.

Баткенге өкмөт, Жогорку Кеңеш, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Араб эмираттары, «Кызыл Ай» коому ошондой эле өлкөнүн бардык облустары, район-шаарлары, айыл аймактар жана жеке ишкерлер, коомдук уюмдар жана катардагы жарандар тарабынан жардам көрсөтүлдү.

Ошондой эле облустук өкүлчүлүктүн атайын эсебине 11 миллион 684 миң сом каражат которулду.