COVID-19. Бир суткада 277 кишиден вирус аныкталып, үчөө каза болду

11:26, 03 мая 2021, Бишкек - 24.kg

Бир суткада 277 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 212, Ош шаары — 2, Чүй облусу — 49, Ош облусу — 5, Нарын облусу — 1, Ысык-Көл облусу — 7, Жалал-Абад облусу — 1 кишиден вирус табылды.

COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында үч бейтап каза болду.

Март айынан бери 96 миң 337 киши вируска чалдыгын, 1 миң 622 бейтап көз жумду.