Маалыматка ылайык, кооптуу абал түзүлгөн айылдардан эвакуацияланган кары-картаңдар, аялдар жана балдар үчүн Баткен жана Сүлүктү шаарларындагы мектептерде, чайканаларда жана мейманканаларда убактылуу жай ачылып иштеп жатат.
Мындан тышкары, тургундар жакындарынын жана туугандарынын үйлөрүнө да жайгашкан.
Айылын таштап качып чыккандарга гуманитардык жардам берүү демилгеси өлкөнүн жер-жерлеринде көтөрүлүп жатат.
28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, 29-30-апрелде Баткен жана Лейлек райондорундагы чек арада атышуу болуп, ондогон үй, имараттар өрттөлдү.
Расмий маалыматка ылайык, Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы кагылыштарда 34 адам каза тапты. Жараат алгандардын саны 178 кишиге жетти.