USD87.45EUR98.38RUB1.04
24.kg

Чек арадагы чатак. «Тынчтыкка каршы кылмыш» беренеси боюнча иш козголду

08:54, 30 апреля 2021, Бишкек - 24.kg

Өлкөнүн Башкы прокуратурасы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал боюнча Жазык кодексинин 380-беренесинин («Тынчтыкка каршы кылмыш») негизинде кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

«Тажикстандын аскер кызматкерлеринин аракети мамлекеттин суверендүүлүгүнө жана бүтүндүгүнө каршы алдын ала пландаштырылган чагымчылдык жана агрессия катары бааланат. Алар эл аралык келишимдерди жана макулдашууларды бузуп, ок чыгарышты», — деп айтылат маалыматта.

Андан соң коңшу өлкөнүн аскерлери Кыргызстандын чек ара заставаларына кол салганы да белгиленген.

Сотко чейинки өндүрүштү тергөө иштери УКМК, ИИМ жана Аскер прокуратурасынын кызматкерлеринен турган тергөө тобуна тапшырылган.

Views
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика