Президент Садыр Жапаров июнь айында түштүк аймагын кыдырат. Бул тууралуу ал жергиликтүү маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, чек араны аныктоодо элди пикири эске алынат.
«Кээ бирөө «Ташиев чек арабызды сатып жиберди, кечээ патриот болчу, бүгүн патриот болбой калды» деп кыйкырып жатпайбы. Камчыбек Ташиев экөөбүз бул тууралуу айтып келе жатканыбызга 16 жыл болду. Анда алардын кээ бирлеринин эне сүтү оозунан кете элек бала болчу. Биз дагы деле ошол позициябызда турабыз. Ошондуктан чек арадагы жарандарга, аянтка чыккандарга айтарым — тынч болгула. Майдын аягы, июнь айларында бошоп калам. Ошондо түштүктү кыдырып чыгам. Жеринде эл менен жолугуп, кеңешип чечебиз», — деди ал.
«Пирамида» телеканалына берген маегинде Садыр Жапаров чек араны делимитациялоо боюнча комиссияга жергиликтүү тургундардан дагы кошуларын белгиледи. Анын айтымында, учурда чек ара боюнча биринчи этаптагы иштер жүрүүдө.