12:27, 27 апреля 2021, Бишкек - 24.kg
Кыргызстанга Россиядан «Гам-КОВИД-Вак» вакцинасынын 20 миң дозасы келди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирет.
Буга чейин Россиядан «Спутник» вакцинасы келген.
Өкмөттүн маалыматында, Кыргызстандан 1 миллион вакцина алат.
Учурда өлкөдө Кытай жана Россияда чыгарылган вакцина менен коронавируска каршы эмдөө жүрүүдө.