Тажикстандын өтүнүчү менен Россияда кармалган Эсен Мажитовду колдоо акциясы өттү

11:57, 27 апреля 2021, Бишкек - 24.kg

Тышкы иштер министрлигинин алдында Россияда кармалган кыргыз жараны Эсен Мажитовду колдоо акциясы өттү. Ага жарандык активисттер катышты.

Акция катышуучулары Эсен Мажитовдун Россиядан Тажикстанга которулушуна каршы чыгышты.

Фото

Алар тышкы иштер министри Руслан Казакпаевди кыргыз жаранын тагдырына көңүл бөлүүгө чакырат.

«Чек ара чыккан чатакта бир нече үй өрттөлүп, Эсен Мажитовдун дагы турак жайы күйүп кеткен. Тажикстан эмненин негизинде аны эл аралык издөөгө жарыялаганы белгисиз», — дейт акция катышуучусу Мээрбек Мухтар.

Эсен Мажитов 18-апрелде Нижний Новгород шаарында аэропорттон кармалды. 

Белгилей кетсек, 2020-жылдын май айында кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, бир нече үй өрттөлүп, жарандар жаракат алган. Чек арада жайгашкан Эсен Мажитовдун үйү дагы өрттөлөт. Мажитовдордун үй-бүлөсү чек арада жашайт. Анын иниси чек арады чырда каза тапкан.