12:39
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

COVID-19: Бишкектеги 14 мектеп аралыктан окутууга өткөрүлдү

26-апрелге карата 14 мектеп: №№ 24, 70, 67, 35, 12, 11, 65, 26, 63, 17, 64, 88, 62 жана 61 аралыктан окутууга өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, карантинге № 12, № 112 бала бакчалары дагы жабылды. Мындан тышкары, 24 мектепте COVID-19 учурлары катталып, мектептер өз ишин улантып жатышат, учурда 18 класс онлайн режимине өттү.

Онлайн режимине толук өтүү оорулуу бала же мугалим менен болгон байланыштын санына жараша болот, акыркы чечимди мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун эпидемиологдору кабыл алышат.

Эң көп окулган жаңылыктар