Академик Аскар Какеев 86 жаш курагында каза болду

10:19, 26 апреля 2021, Бишкек - 24.kg

Аскар Какеев 86 жаш курагында каза болду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине анын жакындары билдиришти.

Аскар Какеев 1935-жылы Чүй облусунда төрөлгөн.

Ал 1958—60-жылы Кыргызстандын ички иштер министрлигинин архив фондусунда микрофото көчүрмө лабораториясында улук илимий кызматкер болуп иштеген. 1960—63-жылы Кыргызстан ИАнын Философия жана укук институтда аспиранты, 1963-жылдан ошол эле институнда улук илимдер кызматкер, 1968-жылдан Кыргыз мамлекеттин айыл чарба институнда философия кафедрасынын башчысы. 1980-жылдан ушул эле институтта партия комитетинин катчысы, 1984—88-жылы Кыргызстан Компартия БКнын илим жана окуу жайлар бөлүмүнүн башчысына басар. 1989-жылдан Кыргызстан ИАнын Философия жана укук институнун (1992-жылдан Философия институ) директору. 1992-жылдан декабрынан Кыргыз Республиканын президенттик аппаратынын жетекчиси — мамлекеттик катчы. 1993-жылдан Кыргыз Республиканын элге билим берүү министри. 2000-жылдан КУУнун ректору, Кыргыз Республиканын Президентинин кеңешчиси болуп эмгектенген.