Митингчилер Жер кодексине сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү кароону токтотууну талап кылышты.
Митинг өткөн аянтта уюлдук байланыш өчүрүлүп, жүрүш баштоого аракет кылган катышуучулардын жолун полиция кызматкерлери тороп, өткөрбөй турушту. Чогулгандар акцияны май айында улантууну убадалап, талаптары аткарылбаса жапырт түрдө ачкачылык жарыялай тургандыктарын билдиришти.
Казакстанда жерлердин чет өлкөлүктөргө берилишине каршы массалык нааразылык акциялар 2016-жылы да өтүп, жыйынтыгында «Жер кодексине» сунушталган өзгөртүүлөргө мораторий киргизилген.
Азыркы өзгөртүүлөрдө айыл-чарба жерлери чет өлкөлүктөргө берилбей турганы жазылган. Бирок акция катышуучулары бул баары бир жер тилкелеринин ири топтордун колуна тийишине жол ачат деп эсептешүүдө.