23:27
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Ташиев: «Кемпир-Абадды» Өзбекстанга өткөрүп бербейбиз

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 25-апрелде Өзгөндө эл менен жолугушкан учурда «Кемпир-Абад» суу сактагычы элдин талабы менен Өзбекстанга берилбей турганын билдирди.

«Куршаб элинин каалоосун четке кага албайбыз. Биз асмандан түшкөн эмеспиз. Элдин талабы — биз үчүн эң жогорку талап. «Кемпир-Абадды» бербейбиз дедиңерби, бербейбиз. «Кемпир-Абадды» азыркы бойдон калтырабыз. Өзбекстанга өткөрүп бербейбиз. Калган иштерибизди Аксы, Ала-Бука, Баткенде уланта беребиз. «Кемпир-Абад» боюнча айтып койойун. Мунун катасы 60 жыл мурда болгон», — деди Камчыбек Ташиев.

Ал маселе чечилгенин айтып, нааразы болгондорду тарап кетүүгө чакырды.

УКМК төрагасын жыйынга келгенде топтолгондор нааразы болгон кыйкырык-сүрөөн менен тосуп алышты. Жыйын өткөн Куршаб айылындагы стадиондо милиция кызматкерлери да көп жүрдү.

Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылынын тургундарынын «Кемпир-Абад» суу сактагычынын жанындагы ​мөөнөтсүз акциясы беш күндөн бери уланып жатат. Алар Өзбекстан менен жер алмашууга каршы экенин билдиришүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар