17:15, 23 апреля 2021, Бишкек - 24.kg
Бишкек шаардык Санитардык-эпидиомологиялык көзөмөл борбору муфтиятка кайрылып, жума намазды, даваатты, ооз ачарды жана айт намазын тыюу салууга чакырды.
Муфтияттын маалыматында, сунуш азыр каралууда. Бирок, мечиттерде ооз ачар уюштурууга орозонун башында эле тыюу салынган.
«Жума намазда санитардык нормаларды сактоо тапшырышы дагы Рамазан айынын башында берилген. Азыр биз катты карап жатабыз», — деп билдирди муфтияттан.
Белгилей кетсек, өткөн жылы дагы ушул кезде жума намазга тыюу салынып, орозонун аягында Айт намазы өткөн эмес.