2021-жылы январь айында казак алфавитинин жаңы варианты жарыяланган. Анда латын арибиндеги базалык 31 символ жана казак тилине таандык 28 тыбыш толугу менен камтылган. Азыркы ә(ä), ө(ö), ү(ü), ұ(ū) жана ғ(ğ), ш(ş) тамгалары диакритикалык тамгалар менен берилген.
Эл аралык колдонууда бар умляут ( ̈ ), макрон ( ˉ ), седиль ( ̧), бревис ( ̌ ) диакритикалык белгилери киргизилген.
Казак өкмөтү жаңы алфавитке өтүү жараянын 2023-жылдан 2031-жылга чейин жүргүзүүнү пландап жатат.
2017-жылдан бери бул вариант — Казакстанда каралган төртүнчү расмий сунуш болуп саналат.