03:08
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Прага Орусия элчилигинин 62 кызматкерин өлкөдөн чыгарат

Орусия май айынын аягына чейин Чехиядагы дипломаттарынын санын Москвадагы чех дипломатия кызматкерлеринин саны менен тең болгондой кыскартышы керек.

Бул тууралуу Чехия тышкы иштер министри Якуб Кулганек билдирди. Бул 62 адам кызматын токтотот дегенди туюндурат.

Прага буга чейин Москвадан өз дипломаттарына 22-апрель күнү түшкү саат 12-00гө чейин кызматына кайра келип, иштөөгө уруксат берүүсүн талап кылган болчу. Бул талабы аткарылбаса, анда Чехия Прагадагы орус элчилигинин кызматкерлерин жапырт өлкөдөн чыгара турганын эскерткен. Министрдин айтымында, Москва бул талапка жооп кайтарган эмес.

Кулганек Чехия Орусия менен мамиленин курчушун каалабай турганын, бирок чех бийлигинин башка тандоосу жок экенин айтты.

«Биздин чечим Орусияга, Чехияда окуган, жумуш иштеген орусиялык жарандарга коркунуч иретинде туюлбашы керек», — деди Кулганек.

Чехия менен Орусиянын ортосундагы дипломатиялык чатактын чыгышына Прага 2014-жылы аскердик кампадагы жарылууга элчиликте иштеген орус тыңчыларынын катышы бар деген негизде 19-апрелде 18 орусиялык дипломатты Чехиядан чыгаруу чечими себеп болду. Буга жооп кайтарып, Москва Чехиянын 20 дипломатын «нон-грант персонасы» деп жарыялап, алардын Орусиядан чыгып кетүүсүн талап кылды.

2014-жылы 16-декабрда Чехиянын Врбетице кыштагында 50 тонна ок-дары жарылып, эки адам каза болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар