Борбор калаада көркөм муз тебүү боюнча чемпионат өтөт

18:17, 22 апреля 2021, Бишкек - 24.kg

23-24-апрель күндөрү «Шаардык муз тебүү аянтчасы» спорт-оюн-зоок комплексинде балдар жана жаштар арасында көркөм муз тебүү боюнча Бишкек шаардык чемпионаты өтөт, деп билдирет мэрия.

Мелдешке 40тан ашуун жаш спортчулар катышат — бул 18 жаштан жогорку балдар, өспүрүмдөр жана чоңдор.

Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгы жана Кыргыз Республикасынын Коньки тебүү федерациясы уюштурууда.