Бишкектиктерди айыл-чарба азык-түлүктөрүнүн жарманкеси күтөт

18:15, 22 апреля 2021, Бишкек - 24.kg

Ушул дем алыш күндөрү өкмөт, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги жана шаардык муниципалитет тарабынан уюштурулган салтка айланган айыл-чарба азык-түлүк жарманкеси өтөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Дыйкандар эртең мененки саат 10:00дон тартып ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн азыктарын сунушташат.

Шаардыктар үчүн жарманкелер төмөнкү даректерде иштейт:

• Раззаков көчөсү, Токтогул жана Киев көчөлөрүнүн кесилиши;

• № 12 кичи районундагы Нуркамал Жетикашаева жана А.Токомбаев атындагы көчөлөрдүн кесилишинде.

• Т.Айтматов менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде.