Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты

14:03, 21 апреля 2021, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда 21-24-апрель күндөрү жаан-чачындуу болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде −2°, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында −3-4° болуп, үшүк жүрөт.

Маалыматта тоолуу унаа жолдорунда кар көчкү түшөрү эскертилет. Түштүк аймактагы райондордо сел жүрүшү мүмкүн.