16:30
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Парламент казино ачуу боюнча мыйзам долбоорду биринчи окууда кабыл алды

Жогорку Кеңештин депутаттары Ысык-Көл облусунун аймагында оюн-зоок жайлары үчүн атайын аймак түзүү боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды.

Аны 68 депутат колдоп, 23ү каршы добуш берди.

Өткөн жыйында мыйзам долбоорго каршы чыккан депутаттар көп болгондуктан, добуш берүүгө коюлган эмес.

Авторлордун бири Бактыбек Турусбековдун айтымында, «Тамчы» аэропортунун базасындагы 1 миң 200 гектар жерге бир нече мейманканасы менен казино куруу каралган. Ага жергиликтүү жарандар киргизилбейт.

Эң көп окулган жаңылыктар