Ростов-на-Дону — Ош жаңы аба каттамы ачылды

10:15, 21 апреля 2021, Бишкек - 24.kg

Россия менен Кыргызстандын ортосунда жаңы аба каттам ачылды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропорту маалымдады.

Ростов-на-Дону — Ош — Ростов-на-Дону чартердик каттамынын биринчи рейсы менен Ошко 60 жүргүнчү учуп келди.

Каттам жумасына бир жолу — бейшемби күндөрү жүргүзүлөт.