Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматова менен коштошуу үй-музейде өтөт

09:14, 21 апреля 2021, Бишкек - 24.kg

Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматова менен коштошуу залкар жазуучунун үй-музейде өтөт. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Чыңгыз Айтматовдун эл аралык фондунан билдиришти.

Маалыматка караганда, Мария Айтматова Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.

Келини Сабира Айтматова Мария Айтматова коронавирустан Инфекциялык республикалык ооруканада дарыланып жатып, каза болгонун айтты.