13:19
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Бишкекте уу коргошунга ууланып 63 жаштагы киши ооруканага түштү

Бишкекте уу коргошундан ууланып 63 жаштагы киши ооруканага түштү. Бул тууралуу 24.kg агенттигине өздүк булактар билдиришти.

Маалыматка караганда, бейтапты ооруканага тез жардам кызматы жеткирген. Аны Бишкек шаардык Ыкчам медициналык борборунда ырасташты.

«Бүгүн таңкы саат 5.00дө чакыруу болгон. 63 жаштагы киши өтө оор абалда болчу. Аны биз Кардиология жана терапия улуттук борборуна жеткирдик. Ооруканада ал киши уу коргошун ичкенин айтты», — дейт Ыкчам медицина борборунун өкүлү.

Белгилей кетсек, уу коргошунду президент Садыр Жапаров өзү мамлекеттик резиденциянын аймагында даярдап, аны Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирус менен ооруган бейтаптарга каршы колдонууда. 

Эң көп окулган жаңылыктар