COVID-19. Бир суткада 225 кишиден вирус аныкталып, экөө каза болду

11:25, 20 апреля 2021, Бишкек - 24.kg

Бир суткада 225 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында — 117, Чүй облусу — 82, Ош облусу - 4, Нарын облусу — 4, Талас облусу - 1, Ысык-Көл облусу — 12, Жалал-Абад облусу — 5 вирус табылды.

COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында жана Чүй облусунда бирден бейтап каза болду.

Март айынан бери 92 миң 320 киши вируска чалдыгын, 1 миң 557 бейтап көз жумду.