Умай Арыкова 16-апрелде Бейшеналиевди кылмыш жообуна тартууну өтүнүп Башкы прокуратурага арыз жазган. Ал министрдин уу коргошун боюнча айткандарына укуктук жана юридикалык баа берүүнү талап кылган.
Ушундай эле арызды ал 19-апрелде Улуттук коопсуздук комитетине берген.
Арыкова министрдин аракетине Жазык кодексининин бир канча беренеси менен, анын ичинде «Саламаттыкка атайлап зыян келтирүү» беренеси менен баа берүү керек деп эсептейт.