USD87.45EUR98.33RUB1.02
24.kg

Facebook Жапаровдун баракчасынан уу коргошун тууралуу посту өчүрдү

15:37, 19 апреля 2021, Бишкек - 24.kg

Президент Садыр Жапаровдун социалдык тармактагы жеке баракчаларынан уу коргошун тууралуу посттору жана видеосу өчүрүлдү.

«Азаттыкка» Кыргызстандын өлкө башчысынын COVID-19ду дарылоого багытталган постту Facebook тарабынан өчүрүлгөнүн социалдык тармактын маалымат кызматы ырастады.

«Биз бул посту алып салдык. Себеби биз эч бир адамдын, анын ичинде шайланып келген расмий жетекчилердин адамга түздөн-түз физикалык залал келтире турган маалыматты бөлүшүүсүнө же COVID-19ду дарылоо же алдын алууга байланыштуу жалган маалыматтарды таратуусуна уруксат бербейбиз», — деп билдирди Facebook.



Белгилей кетсек, Садыр Жапаров кыргызстандыктарга уу коргошун менен дарылоону сунуштаган. Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында, уу коргошун күзүндө «кызыл» зонада жаткан бейтаптарга колдонулган. Уу коргошундан тундурмасын Садыр Жапаров өзү мамлекеттик резиденциянын аймагында жасап чыгарылып жаткан президенттин аппараты ырастаган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика