15:37, 19 апреля 2021, Бишкек - 24.kg
Президент Садыр Жапаровдун социалдык тармактагы жеке баракчаларынан уу коргошун тууралуу посттору жана видеосу өчүрүлдү.
«Азаттыкка» Кыргызстандын өлкө башчысынын COVID-19ду дарылоого багытталган постту Facebook тарабынан өчүрүлгөнүн социалдык тармактын маалымат кызматы ырастады.
«Биз бул посту алып салдык. Себеби биз эч бир адамдын, анын ичинде шайланып келген расмий жетекчилердин адамга түздөн-түз физикалык залал келтире турган маалыматты бөлүшүүсүнө же COVID-19ду дарылоо же алдын алууга байланыштуу жалган маалыматтарды таратуусуна уруксат бербейбиз», — деп билдирди Facebook.