Сузакта сууга чөгүп кеткен кыздын сөөгү табылды

09:31, 19 апреля 2021, Бишкек - 24.kg

Сузакта сууга чөгүп кеткен кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Жалгыз-Жаңгак айылында Көк-Арт дарыясына 13 жаштагы кыз чөгүп кеткен.

Жеринде издөө иштерин жүргүзүү үчүн жалпы 14 куткаруучу тартылган. Бирок куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар тарабынан кыздын сөөгү табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.