USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Министрлик уу коргошунду 300га жакын бейтап ичкенин айтты

14:25, 16 апреля 2021, Бишкек - 24.kg

Уу коргошун Кыргызстандагы ооруканаларда жаткан 300 бейтапка берилип, байкоо жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйында саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын бардык жеринде ыктыярдуу түрдө колдонулуп жатат.

«Бирөө ичкенден кийин эртеси издеп жатат. Алардын баарынын абалы жакшырган», — дейт ал.

Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында, уу коргошундан суюктукту жасоонун өлчөмүн бир гана президент Садыр Жапаров билет. «Садыр Жапаровго атасы Нуркожо үйрөткөн», — дейт ал.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика