Баткенде мектеп окуучуларынын арасында мушташ катталып, үч бала ооруканага түштү

12:46, 16 апреля 2021, Бишкек - 24.kg

Баткенде мектеп окуучуларынын арасында мушташ катталып, үч бала ооруканага түштү. Бул тууралуу маалыматы облустук Ички иштер башкармалыгы ырастады.

Маалыматка караганда, 15-апрель күнү саат 13.30дар чамасында Баткен районунун Кара-Бак айылындагы Бото Нарматов орто мектебинин 8-класстардын ортосунда топтошуп мушташ чыккан.

Текшерүү иштеринин жүрүшүндө Баткен биргелешкен ооруканасына 15-апрель күнү кечки саат 23.00 чамаларында Кара-Бак айлынын 15жаштагы 4 жаш өспүрүмү кайрылгандыгы белгилүү болот.