Социалдык тармактардагы фейк аккаунттар менен күрөшүү уланууда

13:23, 15 апреля 2021, Бишкек - 24.kg

Социалдык тармактар жашообуздун маанилүү бөлүгүнө айланды. Бир да медиага катталбаган бактылуу адамдар саналуу эле десек жаңылышпайбыз. Социалдык тармактарды акыркы жылдары саясатчылар активдүү пайдаланып жатканын да байкадык.

Айрым серепчилердин айтымында, 2020-жылы өткөн президенттик шайлоодо фейк аккаунттардын жардамы менен Садыр Жапаров жеңишти багындырды.

Албетте, соцтармактар ушундай жалган аккаунттар менен күрөшүп жатат. Мисалы, 2020-жылдын декабрь айында Facebook 162 аккаунтту жапты, себеби алар Кыргызстандагы парламенттик жана президенттик шайлоодо иштеди. Жалпы жолунан Facebook менен Instagram’да кыргызстандык аудиторияга багытталган 507 аккаунт жабылды. Бул жалган аккаунттар социалдык тармактардын башка пайдалануучулары арыздангандан кийин жок кылынды.

Бирок, 507 аккаунт — миллиарддаган адам пайдаланган соцтармактагы кымындай гана тамчы. Facebook’та күн сайын миңдеген жаңы жалган баракчалар ачылат. Ошондуктан, ушундай фейктер менен күрөшүүдө глобалдык платформага жардам берүү максатында Кыргызстанда фактчекерлер иштей баштады. Алар Интерньюстун колдоосу менен күн сайын соцтармактарды текшерип, жалган аккаунттарды иликтөө милдетин өз моюндарына алды.

Мониторинг жасаган адистер шектүү баракчалар менен иштешет: баракча качан ачылган, кимдин сүрөтүн пайдаланат, кайсы топторго билдирүү жасап, комментарий калтыраарын иликтеп чыгышат. Көзгө урунган, мисалы, улуттар аралык жаңжалга үгүттөө сыяктуу билдирүү калтырган аккаунттар өзүнчө бөлүнүп иликтенет.

Жалган аккаунттар боюнча түзүлгөн маалымат базасы кийин Facebook’ка берилет. Ал өз адистери аркылуу берилген маалыматты текшерип чыгып, ал баракчаларды жаап салуу, же тим коюу боюнча чечим чыгарат. Кыргызстандык фактчекерлери менен Facebook’тун кызматташуусу жалган маалымат таркатуу, жигерчи, журналист же таанымал адамдын аккаунтуна жашынып, кимдир бирөөгө соцтармактар аркылуу жалаа жабуу, шайлоо кампаниясы убагында талапкерлерге карата тукуруу маалыматын таркатуу сыяктуу көрүнүштөр менен күрөшүүгө жардам берип, коомду жана маалымат майданын жалган, туура эмес маалыматтарды таркатуудан тазалайт деп ишенебиз.