21:25
USD 84.77
EUR 102.46
RUB 1.14

Талдоочу Марат Казакпаев бир айга тергөө абагында кармалат

Бишкектин Биринчи май райондук соту 14-апрелде «мамлекетке чыккынчылык кылган» деген айып менен кармалган серепчи Марат Казакпаев жана анын шеригинин бөгөт чарасын карады. Соттун басма сөз кызматы кылмышка шектүүлөрдү эки айга камоо тууралуу өкүм чыгарылганын ырастады.

Атайын кызмат Казакпаев менен М.Т аттуу жаранды 13-апрелде кармаган жана экинчи адамдын чоо-жайы тууралуу азырынча расмий маалымат бере элек. Кылмыш ишинин жагдайы дагы белгисиз.

Эң көп окулган жаңылыктар