12:00
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

«COVID-19суз саякаттайм» маалыматтык тутумун 2 миңге жакын жаран колдонду

2021-жылдын 15-апрелине карата Евразия өнүктүрүү банкынын санариптик демилгелер фондунун «COVID-19суз саякаттайм» долбоорунун маалыматтык тутуму менен 2 миңге жакын жаран (Бишкек шаарында — 1155 адам, Ош шаарында 767 адам) колдонду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Белгилесек, «COVID-19суз саякаттайм» платформасы COVID-19 пандемиясы учурунда өлкөлөр ортосундагы жарандардын кыймылын чектөөгө байланыштуу Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндө начарлаган экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүүгө көмөк көрсөтүүгө багытталган. «COVID-19суз саякаттайм» мобилдик тиркемеси колдонуучуга саякат башталганга чейин ишенимдүү лабораторияларда өткөрүлгөн тесттердин жыйынтыгын уюлдук телефондун жардамы аркылуу ыкчам жана жеткиликтүү алууга жана аны долбоорго катышуучу-өлкөлөрдүн көзөмөл түйүндөрүндө жашыл QR-код түрүндө көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.

Жогоруда аталган долбоорду ишке ашыруу максатында «COVID-19суз саякаттайм» маалыматтык тутумунун улуттук жана лабораториялык компоненттери Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Электрондук саламаттык сактоо борборунун серверлеринде жайгаштырылган.

Маалыматтык тутумга тесттик режимде эки мамлекеттик вирусологиялык лаборатория (Бишкек шарындагы Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти жана Ош шаарындагы Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору) кошулган. Лабораториядагы адистер долбоордун маалыматтык тутуму менен иштөө боюнча окуудан өткөн.

Учурда Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Евразия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен биргеликте «Бонецкий лабораториясын», «Гемотест», Aqua lab, «Интермедикал» атуу 4 жеке лабораторияны «COVID-19суз саякаттайм» маалыматтык тутумуна кошуу боюнча иштерди аткарууда.

Эң көп окулган жаңылыктар