12:01
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

COVID-19. 2 миң 26 киши вирус менен ооруп жатат. Алардын 4 пайызы өтө оор абалда

Өлкө боюнча 968 адам ооруканада вирустан дарыланууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, дагы 1 миң 58 бейтап үйдөн дарыланууда.

Ооруканада жаткандардын 23 пайызы оор, 4 пайызы өтө оор абалда.

Акыркы сутка ичинде 5 миң 495 адамга ПЧР изилдөө жүргүзүлдү.

Март айынан бери 90 миң 839 киши вируска чалдыгын, 1 миң 534 бейтап көз жумду.

Эң көп окулган жаңылыктар
24-апрель, шаршемби
23-апрель, шейшемби