Баткенде эки күндөн бери издөөгө алынган кыз табылды

10:32, 14 апреля 2021, Бишкек - 24.kg

Баткенде эки күндөн бери изделип жаткан Закир кызы Айхан табылды. Бул тууралуу облустук Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Закир кызы Айхандын ден соолугу жакшы, ата-энесине өткөрүлүп берилди.

Кыздын жоголушунун себептери иликтенүүө.

Закир кызы Айхан 2021-жылдын 12-апрель күнү болжол менен саат 11.00 чамасында Баткен районунун Бужум айылында күйөөсү менен чогуу жашаган үйүнөн чыгып кетип кайрылып келген эмес.