Көчөдө кызды сабаган киши Бишкектеги Тергөө абагына киргизилди

10:22, 14 апреля 2021, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаарынын Кустанайский көчөсүндө кызды сабаган киши Тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда,  29 жаштагы Ш.Ж. аттуу жаран 11-июнга чейин абакта олтурат. 

11-апрель күнү Кустанайский көчөсүндө аял киши жолдо өтүп бара жаткандардан жардам сурап кайрылган. Ал эркек киши аны өлтүрөм деп коркутуп, кол көтөргөнүн айткан.