Муну менен Мирзиёев президент болгондон бери Тажикстанга төртүнчү жолу барууда.
Эки өлкө лидерлери кызматташуунун бардык багыттарынын келечегин талкуулашары күтүлүүдө. Мындан тышкары Душанбе менен Ташкент транспорт, энергетика, айыл чарба, илим жана маданият тармагында жаңы келишимдерге кол коюшары пландалууда.