17:19, 13 апреля 2021, Бишкек - 24.kg
Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуу боюнча референдум өттү. Демек эми өлкөдө жашоо башка нукка бурулат. Баш мыйзам 81 өзгөртүүгө дуушар болду. Башкача айтканда Кыргызстан жаңы Конституцияны кабыл алды.
24.kg агенттиги алдыдагы негизги өзгөрүүлөрдү ырастады.
Эми министлердин жыйыны президенттик катышуусунда жана жетектөөсүндө өтөт.
Өлкө башчысынын дагы бир жаңы укугу — аким жана губернаторлорду дайындоо. Бул буга чейин өкмөт башчысыга тиешелүү эле.
Президент өзүнүн администрациясын курап, Боршайкомдун курамынын жарымына талапкерлерди көрсөтүп, референдум жарыялайт.
Ошол эле учурда өлкө башчысын кызматтан кетирүү жолу татаалдаштырылды. Импичмент жарыялоо үчүн өлкө башчысынын оор кылмышка айыптоо аздык кылып, Башкы прокуратура менен Конституциялык соттун дагы чечими керек болот. Андан кийин гана парламент карап, депутаттардын үчтөн экиси макул болгон учурда гана чечим кабыл ала алат.
Президент жумуштан мөөнөтүнөн эрте кеткен учурдагы талаптар өзгөрүлгөн жок. Ал кетсе өлкөнү парламенттин төрагасы, же өкмөт башчысы башкарат.
Шайлоо системасы дагы жаңы нукта өтөт. Эми эл өкүлдөрүнүн бир бөлүгү партиядан эмес, аймактан шайланып келет.
Депутаттар эми жыйындарга келбей кое албайт. 10 күн жумушка келбегендер мандатынан ажырайт.
Жогорку Кеңеш президент менен өкмөт сунуштаган мыйзам долбоорлорун кезексиз карап чыгышы керек.
Өкмөттү президент отставкага кетирет. Аткаруу бийлигинин түзүмүн жана курамын өзгөртүүнү президент, Жогорку Кеңеш жана Элдик курултай киргизе алат.
Конституциялык палата жоюлуп, ордуна Конституциялык сот түзүлөт.
Конституциялык сот менен Жогорку соттун жетекчилерин президент дайындайт. Өлкө башчысы жергиликтүү соттун судьяларын дагы бекитет.
Сот иштери боюнча Улуттук кеңеш түзүлүп, ал азыркы Сотторду тандоо кеңешинин милдетин аткарат.
Курултай министрлерди кызматтан алуу жана дайындоо сунушун киргизе алат. Парламентке мыйзам долбоор сунуштап, Сот иштери боюнча Улуттук кеңештин курамын түзүүгө катышат.
Курултай коомдук өнүгүү боюнча сунуш-кеңештерин бере алат.