20:00
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Кыргызстандын жаңы Конституциясы. Өлкөдө кандай өзгөрүүлөр күтүлөт?

Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуу боюнча референдум өттү. Демек эми өлкөдө жашоо башка нукка бурулат. Баш мыйзам 81 өзгөртүүгө дуушар болду. Башкача айтканда Кыргызстан жаңы Конституцияны кабыл алды.

24.kg агенттиги алдыдагы негизги өзгөрүүлөрдү ырастады.

Президент

Жаңы Конституция боюнча бийликтин вертикалы орнотулуп,президенттин ыйгарым укуктары кеңейтилет. Өлкө башчысы премьер-министрдин жоопкерчилигин колго алып, өкмөттү жетектейт.

Эми министлердин жыйыны президенттик катышуусунда жана жетектөөсүндө өтөт.

Президент Жогорку Кеңештин кароосуна мыйзам долбоор сунуштай алат. Мурда анда мындай укугу жок болчу.

Өлкө башчысынын дагы бир жаңы укугу — аким жана губернаторлорду дайындоо. Бул буга чейин өкмөт башчысыга тиешелүү эле.

Президент өзүнүн администрациясын курап, Боршайкомдун курамынын жарымына талапкерлерди көрсөтүп, референдум жарыялайт.

Президенттик мөөнөт алты жылдан беш жылга кыскартылды. Бирок, эми бир эле киши эки мөөнөт катары менен өлкөнү жетектей алат.

Ошол эле учурда өлкө башчысын кызматтан кетирүү жолу татаалдаштырылды. Импичмент жарыялоо үчүн өлкө башчысынын оор кылмышка айыптоо аздык кылып, Башкы прокуратура менен Конституциялык соттун дагы чечими керек болот. Андан кийин гана парламент карап, депутаттардын үчтөн экиси макул болгон учурда гана чечим кабыл ала алат.

Президент жумуштан мөөнөтүнөн эрте кеткен учурдагы талаптар өзгөрүлгөн жок. Ал кетсе өлкөнү парламенттин төрагасы, же өкмөт башчысы башкарат.

Жогорку Кеңеш

Жаңы Конституция боюнча Жогорку Кеңештин дагы ыйгарым укуктары өзгөрүүдө. Депутаттардын саны 120дан 90го кыскарат. Буга чейин 21 жаштан өткөн жарандар депутат боло алса, эми бул курак 25ке көтөрүлдү.

Шайлоо системасы дагы жаңы нукта өтөт. Эми эл өкүлдөрүнүн бир бөлүгү партиядан эмес, аймактан шайланып келет.

Депутаттар эми жыйындарга келбей кое албайт. 10 күн жумушка келбегендер мандатынан ажырайт.

Жогорку Кеңеш президент менен өкмөт сунуштаган мыйзам долбоорлорун кезексиз карап чыгышы керек.

Министрлер кабинетинин төрагасы

Өкмөт эми министрлер кабинети деп аталат. Анын төрагасы эки стөлгө олтуруп, президенттин администрациясын дагы жетектейт.

Өкмөттү президент отставкага кетирет. Аткаруу бийлигинин түзүмүн жана курамын өзгөртүүнү президент, Жогорку Кеңеш жана Элдик курултай киргизе алат.

Соттор

Сот бийлиги Конституциялык, Жогорку жана жергиликтүү соттордон турат.

Конституциялык палата жоюлуп, ордуна Конституциялык сот түзүлөт.

Конституциялык сот менен Жогорку соттун жетекчилерин президент дайындайт. Өлкө башчысы жергиликтүү соттун судьяларын дагы бекитет.

Сот иштери боюнча Улуттук кеңеш түзүлүп, ал азыркы Сотторду тандоо кеңешинин милдетин аткарат.

Элдик курултай

Элдик курултай институту киргизилди.

Курултай министрлерди кызматтан алуу жана дайындоо сунушун киргизе алат. Парламентке мыйзам долбоор сунуштап, Сот иштери боюнча Улуттук кеңештин курамын түзүүгө катышат.

Курултай коомдук өнүгүү боюнча сунуш-кеңештерин бере алат.

Сөз эркиндиги, митинг...

Юристтердин айтымында, Баш мыйзамда эркин жыйындарга чектөө бар. Мисалы, 10-берененин 4-пунктунда «өсүп келе жаткан муунду коргоо максатында Кыргыз Республикасынын элине таанылган адеп-ахлактык баалуулуктарына, аӊ-сезимине карама-каршы келген иш-аракеттер мыйзам менен чектелет» деп айтылат. Бул берене коомдогу сын-пикирлерге карабай өзгөртүлгөн жок.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби