15:17, 13 апреля 2021, Бишкек - 24.kg
Башкы прокурор Курманкул Зулушев чечкиндүүлүгүн көрсөттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Өмүрбек Текебаев билдирди.
Анын айтымында, мамлекеттик айыптоонун ага карата чечими күтүүсүз болду.
Өмүрбек Текебаев Садыр Жапаровдун бул ишке кийгилишүүсүн четке кагат.
«Өзүңөр билесиңер декабрь айында Садыр Жапаров экөөбүз катуу кайым айтышканбыз. Бирөө менен өзүнүн жеке мамилеси карабай президенттин сот ишине аралашпаганы туура, ушундай болуш керек», — дейт ал.