Жардамга муктаж. Дамира Шакенова боорун алмаштыруу үчүн операцияны күтүүдө

12:19, 13 апреля 2021, Бишкек - 24.kg

65 жаштагы Дамира Шакенова боорун алмаштыруу операциясына элден жардам сурайт. Бул тууралуу анын жакындары 24.kg агенттигине билдиришти.

Маалыматка караганда, Дамира Шакеновага жакын арада операция жасалыш керек. Ага уулу жана кызы донор болууга даяр.

«Индия менен сүйлөшүлгөн. Операциянын өзү эле 26 миң доллар болот экен. Биздин акчалай мүмкүнчүлүгүбүз жетпей жатат. Төрт баланын энесин сактоого жардам бериңиздер», — дейт жакындары.

Байланыш номуру: 0704087762.

Элсом: 0555110867

Сбербанк — 4276400067082926.