Казакстан менен Өзбекстандын чек арасында соода-экономикалык борбордун курулушу

16:09, 12 апреля 2021, Бишкек - 24.kg

Өзбекстан менен Казакстандын чек арасында (Гишткуприк — Жибек Жоли) «Борбор Азия» аталышындагы эл аралык соода-экономикалык борбордун пайдубалын түптөө аземи өттү.

Расмий маалыматтарга караганда, иш-чарага Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин катышты.

Эл аралык соода-экономикалык борбордун жалпы аянты 400 гектарды түзөт, суткасына 35 миң киши жана 5 миң жүк ташуучу автоунааны өткөрүүгө ылайыкташтырылган.

Тараптар бул долбоор өз ара кирешелүү гана эмес, аймактагы соода-экономикалык байланыштардын өнүгүшүнө кошумча дем берерин билдиришүүдө.

Азем учурунда Аскер Мамин Казакстан менен Өзбекстандын акаминерлери эки тараптуу соода жүгүртүүнү жылына 10 миллиард долларга көбөйтүүнүн үстүнөн иштеп жатканын айтты.