Парламенттин отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин 9-марттагы отурумунда энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Айтмамат Кадырбаев күйүүчү май боюнча сандарга токтолду.
«Маалымат боюнча Орусиянын мунай заводдорунда 1 тонна бензин үчүн 100-150 долларга чейин көтөрүлөт. Демек, Кыргызстанда 7 сомдон 10 сомго чейин жогорулашы мүмкүн. Ал эми дизел заводдордо 40-60 долларга чейин көтөрүлсө, бул Кыргызстанда 3 сомдон 4 сом 80 тыйынга чейин жогорулашы мүмкүн дегенди түшүндүрөт».
Азыр Бишкектеги май сатуучу жайларда АИ-95 бензини 44 сом 90 тыйын, АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 42 сом 50 тыйын, АИ-80 36 сом 90 тыйын болууда. Дизелдин бир литри 40 сом 90 тыйындан сатылып жатат. Жалпы жолунан январь айынан тартып бензин жана дизелдик күйүүчү майдын баасы 14% жогорулады.
Бул арада коңшулаш Тажикстанда да бензиндин баасы кымбаттап, 8,80 сомони (65,50 сомдун тегереги), алыскы аймактарында 9 сомониден сатылууда.