Орусия Фергана облусунда өстүрүлгөн жашылча-жемиштерди киргизүүгө уруксат берди

16:36, 09 апреля 2021, Бишкек - 24.kg

Орусиянын ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматы (Россельхознадзор) Фергана облусунан келген помидор менен калемпирден башка бардык өсүмдүктөрдү киргизүүгө уруксат берди.

Орусия Фергана облусунда өстүрүлгөн помидор менен калемпирди 2020-жылдын 26-ноябрынан бери кабыл албай калган. Буга помидордон вирус табылганы себеп болгон.

Кийин Орусияга жеткирилген кургатылган өрүктөн капр коңузу табылып, 2020-жылы 11-декабрда Фергана облусунда өндүрүлгөн бардык өсүмдүктүн түрүн сатып алууга тыюу салынган.