Бишкекте 14 жашар өспүрүм өз өмүрүн кыйды

11:34, 09 апреля 2021, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаарындагы «Ак-Ордо-3» жаңы конушунда 14-жашар бала өз өмүрүн кыйды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Ленин райондук Ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 6-апрель күнү болгон. Өспүрүм болгарка менен мойнун кескен.

«Өмүрүнө кол салууга жеткирүү» беренеси менен иш козголуп, тийиштүү экспертиза дайындалды.