09:51, 09 апреля 2021, Бишкек - 24.kg
Үй-бүлөлүк дарыгерлердин эмгек акысы 100 пайызга жогорулайт. Бул тууралуу Садыр Жапаров өзүнүн Телеграм-каналына жазып чыкты.
Айтымында, былтыртан бери COVID-19 каптап, дүйнө жүзүнүн дээрлик 80 пайыз мамлекетине карантин киргизилип, айрым мамлекеттерде жашоо кыймылы бүгүнкү күнгө чейин толук кандуу жандандырыла элек. Тескерисинче, айрым өлкөлөрдө кайрадан карантин киргизилип жатат.
«Жашоо күн өткөн сайын оорлошуп жатканын көрүп турабыз. Жеңилдетүү үчүн, биринчи кезекте, эмгек акылар, пенсия-пособиелер көтөрүлүшү керек экенин баарыбыз жакшы билебиз. Ушуга байланыштуу эмгек акыларды жогорулатуу боюнча колубуздан келген аракетибизди жасап жатабыз. Мисалы, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун (ЦСМ) кызматкерлеринин эмгек акылары 100 пайызга 1-апрелден баштап көтөрүлдү», — дейт президент.
Ал эми калган медицина кызматкерлери менен маданият кызматкерлеринин эмгек акылары биринчи июлдан баштап 50 пайызга көтөрүлөт.
Башка тармактардагы мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акыларын жана пенсия-пособиелерди жогорулатуу боюнча булактарды изделип жатат.