17:21, 08 апреля 2021, Бишкек - 24.kg
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Криминалдык милициясы Айзада Канатбекованы өлтүрүүгө шектүү Замирбек Теңизбаев Орусияда мурда үч жолу соттолгонун тактады.
Милициянын 8-апрелдеги маалыматына караганда, ал 2008-жылдын 20-мартында Омск шаарынын Киров райондук сотунун чечими менен 158-берене («Уурулук») менен үч айга эркинен ажыратылган.
Экинчи ирет 2009-жылдын 26-ноябрында Красноярск шаарынын Темир жол райондук соту аны 61-берене («Тоноо») менен эки жылга абакка кесип, 2011-жылдын июнунда бошонуп чыккан.
Үчүнчү жолу 2012-жылы 10-июлда Москванын Зеленоград райондук соту аны 162-берене («Карактоо»), 163-берене («Опузалап талап кылуу») менен 5 жыл 6 айга эркинен ажыраткан.
2017-жылдын 29-июнунда абактан чыгып, Кыргызстанга депортацияланган. 2020-жылдын 30-июлунан тартып ага Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган.