16:48, 02 апреля 2021, Бишкек - 24.kg
Кыргызстанда конституция боюнча 10-референдум белгиленди. Ал 11-апрелде жергиликтүү кеңешке шайлоолор менен бирге өтөт.
Конституциялык кеңешме тарабынан даярдалган долбоор жергиликтүү эксперттер жана юристтер менен бирге эл аралык коомчулук тарабынан дагы сынга кабылды. Бирок, авторлор долбоорду кайра иштеп чыгуудан баш тартышты.
24.kg агенттиги Баш мыйзамга буга чейин ким тарабынан кандай өзгөртүүлөр киргизилгенин айтышууда.
Аскар Акаевдин бийлиги учурунда Конституция беш жолу кайра каралып, 1994, 1996, 1998, 2001, 2003-жылдары президенттин ыйгарым укуктары күчөтүлгөн. Өзгөртүүнү конституциялык кеңешме иштеп чыккан.
1994-жылкы конституциялык реформада 35 депутаттан турган мыйзам чыгаруу палатасы жана 70 депутаттуу эл өкүлдөр палатасы киргизилет.
Эки жыл өтпөй Аскар Акаев кайра референдум жарыялайт. Бул жолу Жогорку Кеңеш менен президенттин ыйгарым укуктары өзгөрүүгө дуушар болот. Кайра эле өлкө башчысынын бийлиги күчөтүлдү: министр, элчи жана аймактардын жетекчилерин президент дайындай турган болот. Ошол эле учурда депутаттарга импичмент жарыялоо укугу берилет. Андан тышкары, эл өкүлдөрү премьер-министрге ишенбестик вотумун көрсөтө алат.
Бирок, парламент өлкө башчысынын чечимине таасир бере албайт.
Бул жолку реформада Жогорку Кеңешке мажоритардык система менен тандоо киргизилип, эки палаталуу парламент жоюлду. 2005-жылдын февраль айында парламенттик шайлоо өтүп, оппозиция мандатка жетише алган жок. Жогорку мыйзам чыгаруучу органга бийликтин «Алга Кыргызстан» партиясы жана анын курамында Айдар жана Бермет Акаева өттү. Бул өлкө боюнча каршылык митингдерине алып келди. Март айында өлкөдө революция ишке ашып, жыйынтыгында Аскар Акаев өлкөдөн качууга аргасыз болот.
2007-жылдын 21-октябрында элдик референдум жарыяланып, анда юрист Данияр Нарымбаев иштеп чыккан Баш мыйзам кабыл алынды.
Бул жолу Жогорку Кеңеш пропорционалдык система менен шайланып, депутаттардын саны 90го кыскарды. Жогорку Кеңешке көзөмөлдөөчү функция берилди.
Бакиевдин баш мыйзамы 2010-жылга чейин жашады. Жаңы келген бийлик Ош коогалаңына карабай референдум өткөрүп, Өмүрбек Текебаев жазган долбоорду кабыл алышат.
Конституцияда президенттик башкаруу парламенттикке алмаштырылат. Өлкө башчысы бир жолу гана алты жылга шайланат. Депутаттардын саны 90дөн 120га көбөйтүлөт.
Белгилей кетсек, 2010-жылы референдумда кабыл алынган Баш мыйзамга 2020-жылга чейин Конституцияны өзгөртүүгө жана толуктоого тыюу салынган. Бирок, ал Алмазбек Атамбаев менен депутаттарына тоскоол болгон жок.
2016-жылы өзгөртүүлөр референдум аркылуу бекитилди.
Президент күч түзүмдөрүн дайындап, тышкы жана ички саясатты аныктаган.
Белгилей кетсек, дүйнөдө Конституциясын өзгөртүү өнөкөткө айланткан Кыргызстан эле эмес. Акыркы жыйырма жыл ичинде Баш мыйзамды эң көп өзгөрткөн өлкөлөрдүн эң алдынкы ондугуна Мексика, Жаңы Зеландия, Бразилия, Швейцария, Австрия, Израиль, Чили, Колумбия, Грузия жана Индия кирди.