Улуттук банк валюта базарына интервенция жасады

15:28, 02 апреля 2021, Бишкек - 24.kg

Улуттук банк валюта базарына интервенция жасап, 50,2 миллион сатты. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында айтылат.

Улуттук банк бүтүмгө келишилген күндөгү эсептөөлөр менен 14,2 миллион доллар жана бүтүмгө келишилген күндөн башка күндөгү эсептөөлөр менен 36 миллион доллар саткан.

Бул 2021-жылдын башынан бери жасалган бешинчи интервенция, жалпысынан валюта базарына 206,2 миллион доллар сатылган.