11:55, 02 апреля 2021, Бишкек - 24.kg
Кыргыз-казак чек арасындагы Ак-Жол өткөрмө бекети ачылды. Ачылуу аземине Кыргызстандын премьер-министри Улукбек Марипов менен казак өкмөт башчысы Аскар Мамин катышты.
Бекет оңдоп түзөөгө жабылган. Аны модернизациялоого 305 миллион сом сарпталды.
Мурда Ак-Жолдон суткасына 10 миң адам,1,5 миң транспорт өтүп турса, азыр 35 миң адам, 5 миңге жакын авто өтүшү күтүлөт.