1-апрелде өткөн бекеттердин расмий ачылышына кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев, Өзбекстандын Фергана облусунун акими Хайрулло Бозоров, эки өлкөнүн күч органдарынын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.
Маалыматка караганда, мындан ары аталган бекеттерден жүргүнчү ташыган автоунаа жана жөө жүргүнчүлөр күндүз өтө алышат. Азырынча оор жүк ташуучу автомашиналарга уруксат берилген жок.